7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Агродиалог – 2026» айыл чарба форуму өтүүдө

322

Бишкекте 18-21-феврал күндөрү «Агродиалог – 2026» айыл чарба форуму өтүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан дыйкан-фермерлер катышып, өз тармактарында эң жакшы жыйынтык көрсөткөндөр аныкталып, ийгиликтүү тажрыйбалар жана мыкты дыйкандардын жетишкендиктери сунушталууда.

Анын ичинде айсберг салатын жана Япониядан алып келинген ашкабактын уругун колдонуп, ашкабак өстүрүүдө өзгөчө жыйынтыкка жетишкен дыйкан тааныштырылды.

Туура агротехнологияларды колдонуу жана сапаттуу үрөндүн негизинде ал бүгүнкү күндө жогорку көрсөткүчтөргө жетип, чемпион аталып отурат.

Бул мисал «Агродиалог–2026» форуму дыйкан-чарбалар үчүн тажрыйба алмашуунун, инновациялык ыкмаларды жайылтуунун жана айыл чарбасындагы чемпиондорду аныктоонун маанилүү аянтчасы экенин дагы бир жолу далилдейт.

323