7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ататүрк сейил багындагы мыйзамсыз курулуш объектиси буздурулду

357

Бишкектеги Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багынын аймагында Малдыбаев көчөсү, 159 дарегинде  бош жер тилкесине мыйзамсыз курулуп жаткан капиталдык объект демонтаждалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, маселе ведомстволор аралык жумушчу комиссия тарабынан каралып чыгып, аталган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтердин жоктугу аныкталган.

Колдонуудагы мыйзамдардын талаптары бузулгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу кызматтар тарабынан объектти бузуу иштери уюштурулуп, жүргүзүлдү. Жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.

358