7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мектептерди куруу долбоорунун экинчи фазасы талкууланды

14

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18-февралда өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун техникалык тапшырмасы кеңири каралды жана өз ара макулдашуунун негизинде бекитилди.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймактарында курулуучу мамлекеттик мектептердин тизмеси талкууланып, курулуш иштеринин сапатын камсыз кылуу, заманбап билим берүү инфраструктурасын түзүү жана долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган долбоордун алкагында 50 млн АКШ доллары (187 500 000 сауд риалы) көлөмүндөгү келишимге кол коюлган. Долбоордун негизинде Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 кошумча окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 жаңы мектеп курулат. Бул объекттердин сыйымдуулугу 150дөн 1000 окуу орунга чейин ылайыкташтырылат. Долбоорду 2026-жылдан жана 2029-жылга чейин ишке ашыруу пландалууда.

15