7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ИИМдин апараттык кеңешмеси өттү

9

2026-жылдын 19-февралында ички иштер органдарынын жетекчилери үчүн онлайн форматта ИИМдин аппараттык кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ага ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, ошондой эле ички иштер органдарынын башчылары катышты.

Аппараттык кеңешмеде коомдук кырдаалга терс таасирин тийгизген факторлорду алдын алуу, коомдук жайлардагы кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча маселелер каралды.

Кеңешменин башында Улан Ниязбеков кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алууну күчөтүү маселесине токтолуп, бул багытта иштерди жогорку деңгээлде алып барууну буйруду.

«Ар бир жетекчи өз аймагындагы ыкчам кырдаалды жеке көзөмөлүнө алып, кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу боюнча комплекстүү жана натыйжалуу чараларды көрүүгө тийиш», -деп билдирди өз сөзүндө ИИМдин башчысы

Ошондой эле ички иштер органдарынын жетекчилерине «Коопсуз өлкө» долбоорун ишке ашырууну улантуу, анын жер-жерлерде аткарылышын системалык көзөмөлдөөнү камсыздоо, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, видеобайкоонун техникалык каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана аныкталган кемчиликтер боюнча өз убагында чара көрүү тапшырылды.

Өздүк курам тарабынан кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту так сактоону камсыздоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Жетекчилерге баш ийген бөлүктөрдөгү тартиптин абалы, кызматтык этиканы бузууларга жол бербөө жана аныкталган тартип бузуулардын ар бир фактысы боюнча принципиалдуу чара көрүү үчүн жеке жоопкерчиликтери каралган.

Жарандардын кайрылуулары менен иштөөгө өзгөчө басым жасалды. Аларды ар тараптуу, калыс жана өз убагында кароону камсыздоо, формалдуу мамилени жоюу, ошондой эле сервистик тейлөөнүн сапатын жогорулатуу тапшырылды.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди. Алардын аткарылышы министрликтин жетекчилигинин катуу көзөмөлүндө болору белгиленди.

10