7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин атайын өкүлү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолугушту

2

Президентинин тоо күн тартиби атайын өкүлү Динара Кемелова ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Фолькер Фробарт менен жолугушту.

Жолугушууда үстүбүздөгү жылга карата кызматташуу пландары, Кыргызстандын аймактарында тоо темасы боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандын тоолуу аймактарына комплекстүү изилдөө жүргүзүү, маалыматтарды санариптештирүү, илимий потенциалды чыңдоо, ошондой эле 2026-жылы тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун алкагында биргелешкен иш-чараларды координациялоо, анын ичинде 2027-жылдын октябрь айында Экинчи Бишкек Глобалдык Тоо Саммитин өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда Динара Кемелова менен Фолькер Фробарт өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын ырастап, тоо тематикасын глобалдык климаттык процесстерде институционалдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

3