Шералы Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледждин директору, «Күчүк» каймана аты менен таанымал Айбек Ташматов 15-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы жергиликтүү маалымат кызматтарына тастыктаган.
Маалым болгондой, чечим 19-февралда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, аны камакка алуу өтүнүчүн Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын башчысы берген. Айбек Ташматовго Коррупция беренеси боюнча айыпталууда.



