7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кошумча бак орнотуп, күйүүчү май ташыган 37 унаа айып короого киргизилди

270

Кошумча бак орнотуу менен күйүүчү май ташыган 37 унаа айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаалардын көпчүлүгү жол тандабас унаалар.

«Унаасына кошумча күйүүчү май куйуучу бактарды орнотуп, Казакстан өлкөсүнөн Кыргызстанга күйүүчү май ташып келип, жол жээктеринде мыйзамсыз сатып жаткан 37 айдоочуну кармашты.

Айдоочуларга 5500 сомдон айып салынып, мыйзамсыз жабдылган кошумча бактарын чечмейин унаалар айып короодон чыгарылбайт», — делет маалыматта.

271