7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акча талап кылышкан… Бишкекте милициянын атын жамынып жүргөн 3 адам кармалды

322

Бишкек шаарынын аймагында өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган адамдар турак жайларда мыйзамсыз ишмердүүлүктү уюштуруу фактыларын аныктоого багытталган кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү шылтоосу менен жарандардын батирлерине мыйзамсыз кирип, акча талап кылышкандыгы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголду.

Иликтөөнүн алкагында 1995-жылы туулган К.Ж., 1994-жылы туулган Ж.Э.Ж., 1995-жылы туулган С.А.А. кармалган. Кармалгандардын бардыгы мурда жеке күзөт агенттиктеринин кызматкерлери болушкан.

323