Салык кызматы ишкерлерди текшерүү боюнча мораторийдин күчүндө экенин маалымдайт
6
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов салык төлөөчүлөргө, ишкердик субъекттерине карата салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө киргизилген мораторий тууралуу эске салды.
Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгонун билдирди.
Аталган Жарлыктын максаты — ишкерлерди колдоо жана дем берүү, экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнестин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүнө жол бербөө болуп саналат.
Мирлан Рахманов белгилегендей, мораторий чакан жана орто бизнес субъекттерин текшерүүгө, анын ичинде патенттин негизинде иш жүргүзгөн жана 0% жана 0,5% өлчөмүндөгү төмөндөтүлгөн салык ставкаларын колдонгон ишкерлерге карата рейддик салыктык көзөмөлгө да жайылтылат. Мында салыктык текшерүүлөр белгилүү бир тобокелдиктер болгон учурда гана жүргүзүлөт. Салык төлөөдөн качуу тобокелдиктери аныкталган учурда ишкерлерге салык органдары тарабынан алдын ала маалымдалат.
«Эгерде ишкердик субъектиси салыктык отчеттуулукту же такталган салык декларацияларын өз убагында тапшырбаса, пландуу же тематикалык камералдык текшерүүлөр дайындалышы мүмкүн», — деди Мирлан Рахманов.
Ал ошондой эле салык органдарында белгиленген тобокелдик критерийлерине ылайык келген ишкердик субъекттерин аныктоого багытталган «Күзөт» жаңы санариптик система киргизилип жатканын белгиледи.
Аталган чараларды ишке ашыруу жагымдуу ишкердик чөйрөнү калыптандырууга, салыктык башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган.