7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев: Токтоп калган иштерди өзүбүздүн күчүбүз менен болсо да аткарышыбыз керек…

318

Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү курулуш иштерин жандандыруу боюнча тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-февраль Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү жетекчилер менен биргеликте курулуш иштери убактылуу токтоп калган Р. Абдыкадыров көчөсүн жеринен барып көргөн.

Шаар башчысы аталган көчөдөгү жол курулуш иштерин тез арада жандандырып, жолго асфальт төшөө иштерин бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө толук бүтүрүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, мэр шаар аймагында буга чейин башталган ири долбоорлордун курулуш иштерин улантуу, жол курууга тоскоол болуп жаткан курулуштарды мыйзам чегинде алуу, тротуарларды кеңейтүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

————————————————
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия

319