Мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды алып келүүгө бөгөт коюлду
5
Мамлекеттик салык кызматы тарабынан рейддик салык контролдун жүрүшүндө жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды алып келүүгө бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, жүк ташуучу унааларды текшерүү учурунда жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен 4 миң 179 куту кондитердик азыктар табылган. Алардын жалпы салмагы 11 тоннаны түзгөнү менен документтер боюнча 7 тонна экендиги көрсөтүлгөн.
Ошондой эле суукка каршы кошулмалар, тездеткичтер, гидроизоляциялык материалдар, боектор, грунттар жана арматуралар аныкталды. Бул факты боюнча салык кызматкерлери тарабынан тиешелүү актылар түзүлдү. Автотранспорт каражатына пломба илинип, унаа токтотуучу жайга убактылуу жайгаштырылды.