7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол эрежесин одоно бузган чет өлкөлүк жарандын унаасы айып короого киргизилди

14

2026-жылы 25-февралда жол эрежесин одоно бузган чет элдик жарандын унаасы айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Сокулук айылында Фрунзе көчөсү менен чыгыш багытты көздөй бара жаткан “Hyundai Sonata” үлгүсүндөгү автоунаа каптал айнектери караңгылатылган абалда бара жаткандыгы аныкталып, токтотулган.

Текшерүү учурунда автоунаанын айдоочусу 1988-жылы туулган Е. Р. аттуу чет элдик жарандын айдоочулук күбөлүгү жана автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталган.

Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин:

— 184-беренесине (айдоочунун айдоочулук күбөлүгүн алып жүрбөгөндүгү);

— 194-3-беренесине (автоунаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу) ылайык административдик протоколдор түзүлүп автоунаа айып короо жайына киргизилди.

15