7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн президенттин катышуусунда республикалык кеңешме өтөт

17

Бүгүн, 27-февралда «Ынтымак Ордодо» президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышат.

«Жыйын жүрүшүндө минкаб жетекчилиги 2025-жылы өлкөнүн ар кыл тармактарында аткарылган иштер боюнча маалымат берет. Ошондой эле президент Садыр Жапаров акыркы беш жылдагы жетишкендиктер жана алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу баяндама жасары күтүлүүдө», — деп жазды ал.

Белгиленгендей, республикалык кеңешме УТРК жана башка республикалык, облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык тармактагы баракчаларында түз көрсөтүлөт. Башталышы саат: 11:00.

18