7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы: Кыргыз аялдары – улуттун уңгусу, үй-бүлөнүн жүрөгү, коомдун күчү

252
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Аялдардын эл аралык күнүнө жана “Кыргызстан аялдарынын энциклопедиясы” 9-томунун бет ачарына арналган иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Өз кайрылуусунда ал кыргыз аялдарынын салттарды сактоочу, жаратуучу жана шыктандыруучу катары өзгөчө миссиясына токтолду. Ал Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен демилгеленген “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун жүзөгө ашыруу боюнча иштер активдүү жатканын айтып берди.
“Биздин ар бир иш-аракетибиз элибизди дүйнөлүк бийиктикке жакындатышы керек. Уңгужолдун алкагында биз кыргыз маданиятындагы ренессансты, “Кыргыз ренессансын” жаратышыбыз керек. Башкача айтканда, биз аялзатынан чыккан XXI кылымдын залкарларын, Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева, Бүбүсара Бейшеналиева, Күлүйпа Кондучалова, Таттыбүбү Турсунбаева, Динара Асанова сындуу жаңы муундун залкарларын көргүбүз келет, аларды тапташыбыз зарыл. Тарыхтын талабы, бизге койгон ультиматуму ушундай!”, — деп өзгөчө белгиледи Мамлекеттик катчы.
Ал кыргыз аялдары – улуттун уңгусу, үй-бүлөнүн жүрөгү, коомдун күчү экенин айтты. Энелерибиздин ак сүтү, эжелерибиздин мээрими, кыздарыбыздын үмүтү – өлкөбүздүн эртеңки жаркын келечегинин негизи. Ал 9-томдун жарык көрүшү – аялдардын ар кыл тармактардагы жетишкендиктерин таануу жана кийинки муундарга үлгү калтыруу багытындагы маанилүү кадам экенин баса белгиледи. Сөзүнүн соңунда бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт-таалай, чыгармачылык дем жана жаңы ийгиликтерди каалады.
253