7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мугалим Мээрим Токоевага президенттин атынан белек тапшырылды

22

«Азаттыктын» каарманы, Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы орто мектептин орус тил мугалими болуп иштеген Мээрим Токоевага президенттин атынан баалуу белек берилди.

Аны мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов мугалимдин үйүнө барып тапшырып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токоева 8-мартта билдирди.

“Жолдун татаалдыгына карабай, окуучуларга билим берип жатканыма президенттин атынан ыраазычылык билдирип, баалуу белек тапшырып кетти. Кубанычтуу кабардан улам дагы эле өзүмө келе албай жатам”, — деди Токоева.

Буга чейин “Азаттык” радиосунун “Данисте” берүүсүндө Мээрим Токоеванын мектепке чейинки түйшүктүү жолу тууралуу тасма тартылган. Анда ээн талаадагы үйүнөн мектепке чейинки 4 чакырым жолду токой аралап, дарыя кечип окуучуларына жеткен мугалимдин жашоосу, жумушу баяндалган.

Булак: Азаттык

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

23