7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрлист Акунбеков: Айрым жарандар малдын башын каттоо маанисин туура эмес түшүнөт

446

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков калкты малдын башын жашырбоого чакырды.

Анын айтымында, айрым жарандар айыл чарба каттоосунун чыныгы маанисин туура түшүнбөгөндүктөн, «жөлөк пулдан ажыратат» же «салык салууга негиз болот» деген жаңылыш түшүнүктөрдүн айынан үй жаныбарларынын жана үй канаттууларынын санын, ошондой эле короо-жайынын абалын жашырып коюшу мүмкүн.

— Министр айыл чарба каттоосу өлкөдөгү мал-жандыктардын так санын аныктоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Так маалымат малды өз убагында вакцинациядан өткөрүү, ветеринардык иш-чараларды туура пландаштыруу жана керектүү көлөмдө вакцина менен камсыздоо үчүн негиз болуп берет.

Белгилей кетсек, өлкөдө айыл чарба каттоосу 20-марттан 10-апрелге чейин өткөрүлөт. тартылат.

Каттоо учурунда үй чарбаларынын айдоо жерлери, жайыттары, сарайлары, короо-жайлары, ошондой эле мал-жандыктары жана үй канаттуулары эсепке алынып, каттоодон өткөрүлөт.

447