7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды

192

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, агенттиктин каржылык колдоосу аркылуу шаарды айланып өтүүчү заманбап айланма жолду куруу сунушун айтты.

Бул долбоор шаар ичиндеги транспорт агымын жөнгө салууга, жол тыгындарын азайтууга, транзиттик унаалардын кыймылын шаар сыртына багыттоого жана жалпы жол коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

193