7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте зордуктоого шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусу мас абалында кармалды

1

Бишкекте зордуктоого шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусу мас абалында кармалды. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын жасаган деген маалымат түшкөн. Ал жаранды Васильевский тракт — айланма жол аймагына таштап кеткен.

Барган учурда маалымат тастыкталып, ошол маалда жүк ташуучу унаа окуя болгон жерден качууга аракет кылган. МККБ кызматкерлери тарабынан унааны токтотуу максатында куугунтук уюштурулуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына карабастан айдоочу токтобой качууну уланткан.

Куугунтук учурунда айдоочу Алматинская көчөсүнө чыкканда бир нече жолу кызыл жарыкка өтүп, жол кыймылынын башка катышуучуларына олуттуу коркунуч жараткан. Ошондой эле ал каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган.

Жыйынтыгында унаа Муса Жалил — Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочу кармалган.

Кармалган жаран 2006-жылы туулган Т.Д.М. экендиги аныкталды. Текшерүү учурунда ал алкоголдук мас абалында болгону медициналык күбөлөндүрүү актысы менен тастыкталды.

Андан соң шектүү Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, зордуктоо кылмышы боюнча андан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

FAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа айып короосуна токтотулду.

 

2