7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызкөмүр» ААК 2025-жылы көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

11

Бүгүнкү күндө Кыргызкөмүр Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30 пайызын камсыз кылган ири өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат.

Жыл жыйынтыгында көмүр казып алуу көлөмү 1 миллион 385 миң тоннага жетти. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 миллион 700 миң куб метрди түзүп, пландан 20 пайыздан ашык ашыгы менен аткарылды.

  • 2025-жылы ишкана беш жаңы көмүр кен ачып, алардын жалпы баланстык запастары 133 миллион тоннадан ашты. Учурда көмүр казуу иштери сегиз участокто тогуз лицензиянын негизинде жүргүзүлүүдө.
  • 2025-жылдын финансылык жыйынтыктар боюнча ишкана 511 миллион сомдон ашык таза пайда көрдү. Ички рынокту камсыздоо максатында Бишкек шаарынын ЖЭБине 587 миң тонна көмүр жеткирилген. Учурда ишкана өндүргөн көмүрдүн 40 пайыздан ашыгы борбор калаанын жылуулук-энергетикалык муктаждыктарына багытталууда.
  • Мындан тышкары, техникалык базаны жаңылоо иштери улантылып, жыл ичинде 46 даана тиешелүү техника сатылып алынды. Кара-Кече кен жайында эки мобилдик сорттоочу комплекс ишке киргизилди.
  • 2025-жылы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулуп,«Кыргызкөмүр» ачык акционердик коомуна айландырылды. Ошол эле учурда акциялардын 100 пайызы мамлекеттин менчигинде сакталды.
  • Жыл жыйынтыгы боюнча ишкана 511 миллион сомдон ашык таза пайда тапты. 2026-жылы ишкана көмүр өндүрүшүн көбөйтүп, ресурстук базасын кеңейтүүнү улантат. Жыл аягына чейин Ош жана Жалал-Абад облустарында жаңы көмүр участокторун ишке киргизүү пландалууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

12