7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

М.Сатыев: Жергиликтүү соттордо иштеген 441 судьянын ичинен, 137 судьянын иши төмөн деп бааланды

191

Жогорку сот 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Жыйынга Жогорку соттун судьялары, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары видеоконференция аркылуу катышты.

Жыйында соттук коллегиялардын төрагалары жана Пленумдун катчысы, Жогорку соттун судьясы Турсунгүл Чаргынова өткөн жылдагы иштер тууралуу маалымат беришти.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактарга жасалган жумушчу сапарлардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү соттордо бир катар көйгөйлөр бар экенин айтты. Анын маалыматына ылайык, учурда иштеп жаткан 441 судьянын 137синин иш сапаты төмөн деп бааланган. Бул жалпы судьялардын 31 пайызын түзөт.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор 280 миң 308 ишти жана материалды караган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 13,5 пайызга көп.

Жыйындын соңунда 2025-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты судьясы”, “Мыкты облустук соту” жана “Мыкты райондук соту” аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

192