7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндүк тургунду бала бакчага жумушка алышып, бирок эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алышкан

12

Ош облусунун Өзгөн районунда жаранды мектепке чейинки билим берүү мекемесине кызматкер катары мыйзамсыз каттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринин кызмат адамдары жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны алдамчылык жолу менен формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы аныкталган.

Мындан улам, аттуу муктаж жарандын төрт жашы жете элек балдарына карата «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулдун төлөнүшү токтотулган.

Кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

13