7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Майрам күндөрү 12 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт

12

20-22-март күндөрү ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана майрамдык иш-чаралар өтүүчү аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кайгуул кезметтеринин саны көбөйтүлөт. Жалпысынан коомдук тартипти сактоого 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.

«Майрам күндөрү иш-чаралардын тынч жана уюшкандыкта өтүшүн камсыз кылуу зарыл, айрыкча жол коопсуздугуна көңүл буруп, чыр-чатактуу кырдаалдарды алдын алуу жана ар кандай коркунучтарга ыкчам чара көрүү керек. Кырдаалды туруксуздаштырган ар кандай аракеттер, жалган маалыматтарды таратуу жана чагымчыл аракеттер өз убагында аныкталып, катуу бөгөт коюлат»,- деп белгиледи Улан Ниязбеков.

 

13