Баткен шаардык мэриясына жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Техникаларды сатып алууга Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4 млн 692 миң сом бөлүнгөн. 3 техниканын жалпы баасы 12 млн 692 миң 255 сомду түздү. Алар жол тазалоочу-сугаруучу автоунаа, эвакуатор-манипулятор жана 10 тонналык жүк ташуучу унаа.
Облус башчысы Мамыржан Рахимов техникаларды тапшырып жатып, алар шаар тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жардам берерин белгиледи.




