Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу пикирин айтты.
«Албетте, Тенгиз Бөлтүрүк үчүн 55 миң доллар айлык кадимки эле көрүнүш болсо керек. Бирок бул биздин өлкө үчүн өтө чоң маяна. Менин оюмча, мындай эмгек акыны башка ири компаниялардын же алдыңкы банктардын жетекчилери да алышпайт. «Улуу Көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин түзүлүшү боюнча айтсак, бул эми жөн гана «түбү жок тешик» болгон да. Ага канча деген акча эч кандай жоопкерчиликсиз жөн эле агып кетти. Жалпысынан, өлкө Бөлтүрүккө муктаж эмес»,- дейт Дастан Бекешев.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



