Сайра Ызакова юстиция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Юриспруденция» адистигин ийгиликтүү аяктаган.
Юстиция органдарынын тутумунда 15 жылдан ашык иш тажрыйбага ээ. Эмгек жолун 2010-жылы Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын адиси кызматынан баштаган, ошол жылдан тартып тармактык башкармалыктардын жетекчисине чейин мамлекеттик кызматтын бардык негизги баскычтарынан өткөн.



