7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте айт намазына байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабылат

13

Бишкек шаарында 19-марттан 20-мартка караган түнү, эртең мененки айт намазын өткөрүүгө байланыштуу автотранспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2026-жылдын 20-март күнү саат 00:00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

  • Тыныстанов көчөсү Чүй проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
  • Тоголок Молдо көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эвакуаторлор иш алып барат. Айдоочуларды унааларын алдын ала алып кетүүгө жана белгиленген жайларга гана токтотууга чакырабыз.

14