Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Ноокат районундагы цемент заводунун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштери Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк-Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты — объектидеги курулуш иштеринин мамлекеттик курулуш ченемдерине жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктоо болуп саналат.
Текшерүү учурунда адистер долбоордук документтерди кылдат изилдеп, имараттын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүздү.
Натыйжада, институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.



