7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

14

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-мартта, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

Урматтуу мусулмандар! Сиздерди ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Берекелүү Рамазан айы ар бир мусулман үчүн руханий тазалануунун, сабырдуулуктун жана кайрымдуулуктун айы. Бул мезгилде адамдар ыйманын бекемдеп, бири-бирине жакшылык кылууга умтулуп, муктаждарга жардам берүү, боорукерлик жана адилеттүүлүк сыяктуу асыл баалуулуктарды жогору коюшат. Ушундай руханий нарктар коомубуздагы өз ара урмат-сыйды, ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө кызмат кылат.

Элибиз кылымдардан бери ислам баалуулуктарын ата-бабаларыбыздан калган нарк-насил, салт-санаалар менен айкалыштырып, салттуу дин катары сактап келген. Ушул бекем руханий пайдубал кыргыз коомунун туруктуулугун камсыз кылып, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө жана биримдигине өбөлгө болуп келет.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө, анын ичинде Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда болуп жаткан саясий кризистер менен куралдуу жаңжалдар жалпы адамзат үчүн олуттуу сыноо болуп турат. Кыргыз Республикасы ар дайым тынчтыкты, өз ара урматтоону жана дипломатиялык жолду колдоп келген мамлекет катары ушул ыйык Орозо айт майрамында дүйнө жүзүндө болуп жаткан согуштук жаңжалдар менен чыңалуулар эртерээк токтоп, бардык элдер үчүн тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук орносун деген тилегибизди билдиребиз.

Биздин элибиз көп этностуу, көп түрдүү болсо да биздин күч – биримдикте, ынтымакта жана өз ара ишенимде. Ушул баалуулуктарды бекем сактоо менен гана өлкөбүздү өнүктүрүп, келечек муундар үчүн күчтүү жана бакубаттуу мамлекетти кура алабыз.

Кадырлуу мекендештер! Бул куттуу күнү Жараткан ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана бакыт тартууласын. Өлкөбүздө ынтымак бекем болуп, мамлекетибиз мындан ары да өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда ишенимдүү бара жатат деп тилек кылалы.

Баарыңыздарды Орозо айт майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм! Айтыңыздар маарек болсун!”.

15