Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта Орозо айт намазы окулду.
Айт намазына эл таңкы саат алтыдан тарта чогула башташты. Саат 07:00дөн баштап Куран окулуп, диний баяндар айтылды.
Андан соң айт намазы окулуп, муфтий Абдулазиз Закиров майрамдык дуба кылды. Аймактарда болсо айт намазы мечиттерде окулду.



