Бүгүн Талас шаарынын борбордук аянтында айт намазы окулду. Жалпы 10 миңге чукул жаран чогулду.
Айт намазга азирети муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев ,Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков жана облустук, шаардык мекемелердин жетекчилери да катышып , жалпы эл-журтту ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ырыскы жана ийгилик каалашты.
Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков өз сөзүндө: “Бүгүнкү майрам — кечиримдүүлүктүн, кайрымдуулуктун жана биримдиктин белгиси. Борбордук аянтка чогулган миңдеген мекендештерибиздин тилеги кабыл болсун”, — деп белгиледи.
Ал эми коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында борбордук аянтта укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.



