10-20-март күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында тайбоксу боюнча (муай тай) дүйнө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Кыргызстандын атынан жаштар жана өспүрүмдөр арасында жалпы 12 спортчу байгелүү орундарды ээледи. Мелдештин жыйынтыгы боюнча курама команда 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль жеңип алды.
Алтын медаль ээлери:
- Вероника Ахматова (54кг чейин);
- Диана Зайнитдинова (57 кг чейин);
- Нурдоолот Борубеков (63кг чейин);
- Роберт Пак (67кг чейин);
- Богдан Прошин (75кг чейин);
- Элдар Ешбаев (81 кг чейин).
Күмүш медаль ээлери:
- Эркаим Айбекова (60кг чейин);
- Адис Мирболотов (63кг чейин).
Коло медаль ээлери:
- Мекин Асаналиев (57кг чейин);
- Алихан Закиров (67кг чейин);
- Рашид Магомедов (71кг чейин);
- Раул Рахатбек (71кг чейин).




