7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктоо сөзү

1

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: 

“Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы тоодой бийик теңир тоолук агайын-туугандар!

Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди.

Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү улай, изги тилектердин, жаңылануунун, эмгектин, ынтымак менен биримдиктин жарчысы, адамзаттын маданий мурасы – Нооруз майрамын маданий жөрөлгө катары эли-журтубуз менен эсенчиликте, тынччылыкта белгилеп жатканыбызга кубанычтамын. Айтылуу акын Арстанбек атабыз:

“Кабарың күнгө жетсе да, жылдызга колуң жетсе да, эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң”, — деп таамай айткандай, биз Нооруз жана Эгемендик майрамдарын аймактардагы элибиз менен бирге майрамдоо максатында ар жылы, ар башка облустарда белгилөөнү салтка айлантканбыз.

Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайра сынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз.

Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилеп,абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Нооруз майрамыңыздар менен, кымбаттуу кыргызстандыктар!

2