7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Нарын шаардык ИИБнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты

2

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Эки жыл мурда министр Улан Ниязбеков Президентти Нарын шаардык милициясынын абалы жөнүндө маалымдап, жаңы имарат куруу боюнча сунуш киргизген.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы өздүк курамга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Нарын шаарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап имаратты курууга бюджеттен каражат бөлүү тапшырмасын берген.

“Жыйынтыгында 1 жыл 7 айдын аралыгында мына ушундай заманбап 4 кабаттуу, 1 миң 500 чарчы метрди түзгөн, ичинде баардык шарты бар жаңы имарат курулуп, бүгүн сиздер менен чогуу ачканы турабыз. Ошону менен бирге, бүгүнкү иш-чарада Ички иштер министрлигине тиешелүү дагы 26 объектини онлайн ачып, аларды дагы ишке киргизебиз”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 1983-жылдан бери эски имаратта иштеп келе жаткан ИИБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди бүгүнкү күнгө чейин колдон келишинче так аткарып келишкенин эске салды.

3