Президент Садыр Жапаров Нарын шаарында Нооруз майрамына арналган салтанатта “Кумтөр Голд Компанинин” облустун экономикасына кошкон салымын баса белгиледи.
“Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон “Кумтөр” алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады”-деген Садыр Жапаров бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталганын, “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, Кумтөр ишканасы дүң кирешесинин 1 пайызын “Ысык-Көл” өнүктүрүү фондуна да которуп турат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



