Бишкекте мыйзамсыз миграцияга жана экстремизмге каршы багытталган «Нелегал» рейди уланууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Иш-чаранын алкагында 220га жакын чет өлкөлүк жаран шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда кармалгандардын документтери текшерилип, Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугу жана ар кандай укук бузууларга катыштыгы бар-жогу аныкталууда.
Рейд мыйзамсыз миграцияны аныктоо, бөгөт коюу жана экстремисттик коркунучтардын алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.



