7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өрүкзарга кетели… Баткенде өрүк гүлдөдү

16

Баткен өрүкзар гүлдөдү. Бул тууралуу социалдык тармактагы сүрөт, видео аркылуу бөлүшкөн колдонуучулар аркылуу белгилүү болду.

«Азыр Баткенде өрүк гүлү ачылып, жаратылыштын көркүнө көрк кошуп турган чак.

Өрүкзарлар гүлүн апрелдин башында төгүп, мөмөсү июнь, июль айларында бышып, августтун 10–15теринде баары толук жыйналат. Баткенде апрель айынын биринчи жумасы өзгөчө майрамдалат, анткени дал ушул күндөрү “Өрүк күнү” белгиленип, жаш көчөттөрдү отургузушат.

Биз көбүнчө Баткендеги өрүк гүлүнүн кооздугун жапондордун «Сакурасына» салыштырып суктанабыз. Чынында эле, алардан үйрөнө турган кызыктуу нерселер көп. Мисалы, Жапонияда сакура жылына болгону 7-10 күн гана гүлдөйт. Бирок дал ушул бир жумалык сулуулукту көрүү үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан 3 миллиондон ашык турист атайын агылып келип, өлкө казынасына миллиарддаган доллар киреше түшүрөт экен. Жапондор үчүн бул жөн эле гүл эмес, «Ханами» (гүлгө суктануу) деп аталган улуттук чоң маданият.

Биздин чексиз созулган Баткендин өрүкзарлары кооздугу боюнча сакурадан эч кем калышпайт. Эгер биз да «Өрүк гүлү» деген чоң майрамга айлантып, жапатырмак барып суктанып, аны дүйнөгө даңазаласак– бул туризмди өнүктүрүү менен бирге, адамдын жаратылышка болгон мамилесинин өзгөрүүсүнө чоң түрткү бермек. Өрүк гүлү– бул биздин чыныгы брендибиз!», — дейт аталган посттун автору Замир Сапар.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

17