Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфий оюндарынын жаркын ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ШКУ катчылыгынын кеңешчиси Казыбек Кочконов, Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявин жана Кыргыз Республикасынын Дельфий комитетинин төрагасы, КРнын эл артисти Анарбек Ибраев катышты.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун кайрылуусун окуп берди.
«Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Дельфий оюндары өлкөбүздүн жана борбор калаабыздын ШКУ алкагындагы гуманитардык кызматташтыктагы активдүү ролун баса белгилейт жана маданияттар аралык диалогду, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө болгон умтулуубузду көрсөтөт. Бул оюндар искусство жана чыгармачылыктын ири форумдарынын бири катары улуттук маданияттарды сактоого жана жайылтууга, ошондой эле жаш аткаруучулардын талантын көрсөтүүгө маанилүү аянтча болуп берет», – деп белгиледи ал.
Мындан тышкары, аземде Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Нурлан Ермекбаевдин кайрылуусу да окулду.



