Бүгүн, 27-мартта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаай. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1…+4, күндүз 11…16;
Нарында түнкүсүн −4…+1, күндүз 10…15.
Бишкекте түнкүсүн 6…8°, күндүз 24…26° жылуу болот.



