7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө түнкүсүн жана таңга маал рейддер жүрүүдө

51
Жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев түнкү жана таң алдындагы убакта рейддик иш-чараларды күчөтүү боюнча тапшырма берди.
Ушуга байланыштуу саат 04:30дан тартып өлкө боюнча төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлүүдө:
• транспорт каражаттары токтотулуп, ар бир айдоочунун абалы текшерилет;
• айдоочулардын чарчоо жана уйку басуу белгилерин аныктоого өзгөчө көңүл бурулат;
• чарчоо белгилери байкалган айдоочуларга транспорт каражатын андан ары башкарууга болбой тургандыгы түшүндүрүлөт;
• зарыл болгон учурда айдоочуларга коопсуз жерге токтоп, эс алуу сунушталат;
• айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жеткирилет.
ЖККББ эскертет: Жол кыймылынын эрежелеринин 2.8-пунктуна ылайык, айдоочуга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
• мас абалында (алкоголдук, наркотикалык же башка) транспорт каражатын башкарууга;
• реакцияны жана көңүл бурууну начарлатуучу дары-дармектердин таасири алдында транспорт каражатын башкарууга;
• оорулуу же чарчаган абалда, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жараткан шартта транспорт каражатын башкарууга.
Кошумча катары айдоочуларга ылдамдык режимине өзгөчө көңүл буруу:
10.2-пункт
Калктуу конуштарда транспорт каражаттарынын ылдамдыгы саатына 60 кмден ашпоого тийиш.
10.3-пункт
Калктуу конуштардан тышкары:
• жеңил унаа каражаттарына, ошондой эле уруксат берилген максималдуу массасы 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу автомобилдерге — саатына 90 кмден ашпоого тийиш.
52