7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экс-депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

42

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Атайын кызмат Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузулган фактылар аныкталганын маалымдады. Тергөө иштеринин алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К., подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Депутаттык мезгилинде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комитетинин мүчөсү болгон Сулайманов кызматынан пайдаланып, материалдык пайда көрүү үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын илгерилетүү аркылуу ага колдоо көрсөтүү уюштурган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК кармалган адамдардын башка укук бузууларга катыштыгын аныктоо, энергетика тармагындагы айрым кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.

 

43