7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө терини кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталды

225

Бүгүн “Асыл Тери” ЖЧКсынын заманбап тери иштетүүчү заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.

Долбоор Чүй агроөнөр жай зонасынын аймагында жайгашкан 103 гектар аянтта ишке ашырылууда. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 12 млн АКШ долларын түзөт. Ошол эле учурда долбоордун сметалык баасы — 5 млн АКШ доллары мамлекет тарабынан каржыланууда. Курулуш аяктагандан кийин ишкана суткасына 24 тоннага чейин чийки тери иштетүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары, буга чейин иштетилбей талаага ташталып келген бодо малдын жана башка жандыктардын терилери кайра иштетилип, бут кийим жана тиричилик продукцияларын өндүрүүгө пайдаланылат.

226