7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эски мектептер жаңыланып, жаңы долбоорлор ишке ашат

20
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Кыдырууда аймактагы эски мектептердин учурдагы абалы каралып, алардын коопсуздугу жана окуу шарттары талданды. Ошондой эле тургундардын кайрылуусунун негизинде спорт зал жана маданият үйү курула турган жерлер көрүлүп, тиешелүү кызматтарга долбоорлорду ыкчамдатуу тапшырмасы берилди.
Шаар башчысы өз сөзүндө Президент Садыр Жапаров тарабынан эскилиги жеткен мектептерди толук реконструкциялоо жана заманбап шарттар менен камсыз кылуу боюнча так тапшырмалар коюлганын белгилеп, бул багыттагы иштер билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окуучулардын коопсуздугун камсыздоого жана инфраструктураны жаңылоого чоң салым кошорун баса белгиледи.
Мындан тышкары, аймактагы жолдордун абалы жана курулуш иштеринин жүрүшү да көзөмөлдөнүп, тургундардын муктаждыктарын эске алуу менен маселелер этап-этабы менен, системалуу түрдө чечилери айтылды.

21