«CAT III системасы аба кемелерин өтө чектелген көрүнүү шарттарында — ондогон метрге чейин — кондурууга мүмкүнчүлүк берет. Бул айрыкча күз-кыш мезгилинде актуалдуу, анткени мурда туман жана татаал аба ырайынын шарттары каттамдардын кечигишине, запастагы аэродромдорго бурулуп кетишине жана каттамдардын токтотулушуна себеп болуп келген. Мурда көрүнүү белгиленген минимумдан төмөндөгөндө, экипаждар экинчи айлампага кетүүгө же каттамдарды башка багытка бурууга мажбур болушчу. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыктарды жаратып, авиакомпаниялардын чыгымдарын көбөйтүп, каттамдардын аткарылышынын алдын ала болжолдуулугун төмөндөтчү. Бүгүнкү күндө CAT III системасынын аркасында аэропорт татаал метеошарттарда да аба кемелерин кабыл алууну жана жөнөтүүнү камсыз кыла алат. Биз үчүн бул инфраструктураны модернизациялоо, алдыңкы технологияларды киргизүү жана аэропортту эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча ырааттуу иштин жыйынтыгы болуп саналат»,- деп билдирген ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



