7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы 625 даана кичи автобус сатып алууну пландоодо

213

Бишкек мэриясы 625 даана кичи автобус сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жыйынында белгилүү болду.

Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга автобустардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана коюлган талаптар тааныштырылды. Тактап айтканда, тар көчөлөрдө эффективдүү жүрө ала турган, конуштарды тейлөөгө ылайыкталган 625 даана кичи автобус сатып алуу маселеси каралууда.

Жыйынга 12ден ашуун автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышты. Алар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, алдыдагы сатып алуу боюнча бардык жагдайлар боюнча түшүндүрмө алышты.

Жыйындын жыйынтыгында компанияларга сунушталган талаптарды кеңири изилдеп чыгып, белгиленген мөөнөттө коммерциялык сунуштарын даярдоо үчүн убакыт берүү чечими кабыл алынды.

214