Бишкекте 6 жашар баланы иттер талап, баш терисин кажып салган. Окуя кечээ Калыс-Ордо конушунда болгон.
Биздин редакция баланын атасы менен байланышканда төмөнкүлөрдү айтып берди:
“Балам ойноп жатып, короого чыгам деген. Бирок жыгылып кеткенде кошунанын үч ити талап салган. 2-3 саатка созулган операция болду. Баш терисин кажып салышкан, колу-буту дагы жаракат алган”, — деди атасы.
№3 балдар ооруканасынан баланын абалы орточо оор экенин билдиришти. Бишкек ШИИББ бул окуяны тактап жатканын, алдыда маалымат берерин билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



