Манас шаарында “Аутизм Победим Кей Джи” аталышындагы социалдык борбор ачылды.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов катышып, мындай борбордун шаарда ачылышы тургундар үчүн, айрыкча өзгөчө балдарды тарбиялап жаткан ата-энелер үчүн чоң кубанычтуу окуя экенин белгиледи. Ошондой эле борбордун ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
“Аутизм Победим Кей Джи” борбору аутизм менен жашаган 1,5 жаштан 8 жашка чейинки балдарга көмөк көрсөтүүгө багытталган. Бул жерде адистер тарабынан церебралдык шал оорусу (ДЦП), аутизм спектринин бузулуусу (АСБ), психо-сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү (ЗПРР) жана сүйлөө өнүгүүсүнүн кечигүүсү (ЗРР) менен жабыркаган балдарга комплекстүү жардам көрсөтүлөт.
Аталган мекеме заманбап талаптарга жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, борбордо 20дан ашуун жогорку квалификациялуу адистер эмгектенет.
Ошондой эле борбор бир убакта 200дөн 300гө чейин балдарды кабыл алып, тиешелүү кызматтарды көрсөтүүгө ылайыкташкан.




