7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шыкмаматов таанылган салык карызын банк эсептеринен өндүрүп алуу тартибин түшүндүрдү

14

Бүгүн, 3-апрелде, «Биринчи радио» жана «Ала-Тоо 24» телеканалынын түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын таанылган салык карызы болгон учурда банк эсептеринен акча каражаттарын эсептен чыгаруу тартибин түшүндүрдү.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө болжол менен 450 миңге жакын жаранда салык карызы бар. Негизги себептердин бири жоопкерчиликтин төмөн деңгээли жана салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбоо болуп саналат. Салык кызматынын башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта таанылган салык карызын өндүрүүнүн жаңыланган механизми киргизилди. Карыз болгон учурда жаранга SMS-билдирүү жөнөтүлөт, жашаган жери боюнча жазуу түрүндө билдирүү берилет, ошондой эле электрондук кызматтар аркылуу да кабарланат. Мында карызды ыктыярдуу түрдө төлөө же аны мыйзамда белгиленген тартипте талашуу үчүн бир айлык мөөнөт каралган.

Эгерде салык төлөөчү билдирүүлөрдү этибарга албай, белгиленген мөөнөт ичинде чара көрбөсө, анда банктык эсептен акча каражаттары өндүрүлөт. Шыкмаматов мындай практика өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө колдонуларын белгиледи. Ошондой эле ал мурдагы системада материалдар мажбурлап өндүрүү үчүн сот аткаруучуларына өткөрүлүп берилерин айтты. Бул өз кезегинде мүлктү камакка алууга, өлкөдөн чыгууга чектөө коюуга, ошондой эле кошумча чыгымдарга карыз суммасынын 20% чейин сот аткаруучунун акысы катары төлөөгө алып келчү. Мындан тышкары, карыз узак убакыт төлөнбөсө, туум эсептелип, карыздын көлөмү кыйла көбөйөт.

Жыйынтыгында Салык кызматынын төрагасы киргизилген өзгөртүүлөр жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, ачык-айкындуулукту жана адилеттүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле салык карыздарын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталганын белгиледи.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

15