7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн экология министрлеринин жыйыны башталды

17

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жооптуу министрлик жана мекемелеринин жетекчилеринин жетинчи жыйыны жана эксперттик жолугушуусу башталды.

Жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев климаттык өзгөрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча баяндама жасады. Ал экологиялык көйгөйлөр дүйнөлүк күн тартибинде маанилүү орунда экенин белгилеп, экосистемаларды сактоосуз туруктуу өнүгүү мүмкүн эместигин айтты.

Министрдин айтымында, ШКУ аймагындагы экосистемалар климаттык жана адам факторлорунун таасирине кабылып жатат. Айрыкча, тоолуу өлкө болгон Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүшү олуттуу көйгөй бойдон калууда.

Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү максат кылып, эл аралык климаттык демилгелерге активдүү катышууда. Ошондой эле климаттык каржылоого жана жаңы технологияларга жетүү маселеси актуалдуу бойдон калууда.

Жыйында тоо аймактарын өнүктүрүү маселеси да көтөрүлүп, 2027-жылы Бишкекте “Бишкек+20” Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландары айтылды.

18