7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте келечек муун үчүн мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү

294

Бүгүн, Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу бала бакчанын имаратынын пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Иш-чарага УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Жумгалбек Шабданбеков жана Курулуш, архитектура жана турак жай — коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Жаңы бала бакча УКМКнын жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин балдарына ыңгайлуу жана коопсуз мектепке чейинки билим берүү шарттарын камсыз кылуу үчүн түзүлгөн. Мында мекеменин эшиги заманбап билим берүү мейкиндигинде сапаттуу тарбия жана билим алууну каалаган бардык балдар үчүн ачык. Бул ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн балдарынын ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана социалдык интеграцияга өбөлгө түзөт.

295