7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Алыш» бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт

293

13–14-апрель күндөрү Бишкек шаарындагы «Жаштык» аренасында чоңдор арасында «Алыш» бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Мелдешти Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция Дүйнөлүк «Алыш» бел боо күрөшү федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Чемпионатка Азия өлкөлөрүнүн алдыңкы спортчулары катышары күтүлүүдө. Атап айтканда, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Индия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн курама командалары катышат. Мындай деңгээлдеги мелдеш улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга, ошондой эле эл аралык спорттук кызматташууну чыңдоого өбөлгө түзөт.

«Алыш» бел боо күрөшү көчмөн элдердин эң байыркы жекеме-жеке түрлөрүнүн бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө эл аралык мелдештерде маанилүү орунду ээлейт. Уюштуруучулар борбор калаанын тургундарын жана конокторун чемпионатка келип, спортчуларды колдоого чакырат. Кирүү акысыз.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

294